Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин министрлер кабинетинин башчысы дайындайт

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин сайтына жарыяланган “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорунда айтылат.

Белгиленгендей, шаар мэри жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) тарабынан дайындалат.

Бирок Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин жергиликтүү кеңештин макулдугу менен министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.