Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба жарманкеси өтөт

29-августта, Бишкек жана Ош шаарларында айыл чарба жарманкеси болуп өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, жарманкеде азык-түлүктөр дүң баада сатылат жана төмөнкү даректерде өткөрүлөт:

– Бишкек шаары, Киев, И.Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши.

– Ош шаары, Айыл чарба техникумунун – А.Сүйүнбаев атындагы спорт аянтчасына чейинки бөлүктө өткөрүлөт.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.