Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ал элге видео кайрылуу жасап, ыраазычылык билдирди.

” Урматтуу мекендештер, урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору. Бүгүн мен өз калоом менен кызматтан кетүүнү чечтим. Сөзүмдүн башында мага көмөк көрсөткөн президент Садыр Нургожоевичке терең ыраачылык билдирем. Акыркы үч жыл Ош шаарынын мэри катары кызмат кылдым. Ал жылдары мүмкүнчүлүккө жараша эл үчүн татыктуу кызмат аркаладым деп ойлойм. Жаңы максат менен борбор калаабызга кызмат кылууну пландап жатканбыз. Бирок, бир күн сөзсүз өз салымыбызды кошобуз деп ишенем. Менин кызматты тапшырганымдын эч кандай саясий себеби жок. Бул менин жеке чечимим. Кандай гана пикирлер жаралбасын, биздин алгачкы максатыбыз мекенге кызмат кылуу. Буга чейин аткарган иштериме эл өзү баа берет. Буйруса алдыда дагы жакшы максаттар бар. Жакыгкы айларда мен бул тууралуу кабарлайм. Мен ар дайым сиздер мененмин”,– деди Таалайбек Сарыбашов.

Таалайбек Сарыбашов 2018 -жылдан бери Ош шаарынын мэри. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал эми 2012-2015 -жылдары Алай районунун акими болуп иштеген.

2-августта Таалайбек Сарыбашов мурунку кызматынан бошотулуп, жаңысы шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.