Бишкек шаарынын мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды

Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрин шайлашты. Көпчүлүк күткөндөй Айбек Жунушалиевди колдоду.

Депуттардын 45инин 43ү макул деп добуш беришти.

Айбек Жунушалиевди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы сунуштады. Буга чейин ал министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болчу; ал бул кызматка 2021 -жылдын 20 -майында дайындалган.

Буга чейин, Борбор калаанын мэрдин милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Сарыбашов 2 -августтан 12 -августка чейин иштеген. Депутаттыкка талапкер болууну көздөп жаткандыктан, ал өз каалоосу менен кызмат ордунан кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.