Бишкек шаардык мэриясы 45 миллион сомдук беш жер тилкесин мамлекетке кайтарды

Бишкек шаардык мэриясы 8 миллион 247 миң 936 сом акчалай түрүндө жана 45 миллион 68 миң 357 сомго бааланган 5 жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек шаардык мэриясынын 2009-жылдын токтому менен “Эрк” ЖЧКсына Ахунбаев көчөсүнөн аянты 85 гектар болгон жер тилкеси маданият жана ден соолук чыңдоочу комплексин куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө берилген.

“Бирок “Эрк” ЖЧК аталган токтомдун жана түзүлгөн келишимдин талаптарын одоно бузуу жолу менен жер тилкени бүгүнкү күнгө чейин өздөштүргөн эмес жана анын жер пайдалануу боюнча карызы 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин 2 миллион 185 миң 560 сомду түзгөн. Аталган жагдай боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына мыйзам бузууларды тез арада четтетүү жөнүндө талап келтирилген.

Ушул сыяктуу эле мыйзам бузуулар Бишкек шаарынын аймагындагы 18 жер тилке боюнча аныкталып, жер пайдалануучулар тарабынан жер тилкелерди өздөштүрүү максаттары башынан болгон эмес жана негизги максаттары пайдалануу укуктарын үчүнчү жактарга сатуу жолу менен пайда көрүүнү негиздешкен.

Ал эми, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзам бузуулар ачык көрүнүп тургандыгына карабастан, ижара келишимдерин бир тараптуу жокко чыгаруу жана пайда болгон карыздарды өндүрүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес”, – деп жазылат маалыматта.

Быйыл келтирилген прокурордук актыларды кароо жыйынтыгы менен мамлекетке 8 миллион 247 миң 936 сом акчалай түрүндө жана 45 миллион 68 миң 357 сомго бааланган 5 жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылганын билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.