Бишкек- Ош жолундагы кырсыктан аман калган наристенин өздүгү аныкталды

Бишкек- Ош жолунун 264- километриндеги жол кырсыгынан аман калган наристенин жана анын каза болгон энесинин өздүгү такталды. Бул тууралуу Жалал- Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта кырсыктан аман калган бала 2 жаштагы Жуманазар экендиги айтылган. Ал эми апасы 1987- жылы Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

“Маркум үй- бүлөсү менен Токмокто жашаган. Баласы экөө Ноокаттагы туугандарынан келе жатканда кырсыкка кабылган”,- деп айтылат маалыматта.

26-июнь күнү болжол менен 03:00дө Бишкек- Ош жолунун 264- километринде “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа Чычкан дарыясына кулап түшкөн. Унаада 8 адам болуп, алардын биринин денеси унаадан, дагы биринин жансыз денеси суудан табылган. Калган 6 адам Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.

Сүрөт: Кактус медиа

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген