Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып 1 адам каза болду

2018-жылдын  4-октябрь күнү саат 11:41 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 619-чакырымында Өзгөндүн  Кароол айылында  “DAF” үлгүсүндөгү (мам.№352ABM) оор жүк ташуучу унаа менен  “Hundai Porter” үлгүсүндөгү (06KG614AAO) унаа кагышты. Бул тууралуу “Ынтымакка”  Ош ОИИБ ЖКККнын маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Кырсыктын кесепетинен  4 адам ар кандай жаракаттарды алып Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми  “Hundai Porter” де жүргүнчү катары бара жаткан Кара-Суу районунун 1952-жылы туулган жараны ооруканада каза болду.

Учурда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Ош ОИИБ ЖКК маалымат кызматы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген