

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташычуу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Кечээ, 16-январда саат 14:29да Жалал-Абад-облусунун Кара-Көл шаарында ( Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында) “DAF” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташычуу унаа (бензовоз) жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Унаанын ичинде болжол менен 37 тонна солярка болуп, анын ичинен 2 тоннасы төгүлгөн. Жабыркагандар болгон эмес.
Окуя болгон жерде КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.
- 17.01.2018