Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу унаа өрттөнүп кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташуучу унаа өрттөнүп,  айдоочу аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 15-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында болгон.  Маалымат боюнча газ ташуучу унаа оодарылып кеткен соң өрт чыккан.

Бактыга жараша  айдоочу унаадан жерге секирип аман калган.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:10до 1 бөлүм тартылып эки саатта толук өчүрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген