Бишкек—Ош жолунда дагы кырсык. Бир адам каза болду

Бишкек—Ош унаа жолунун 641-чакырымында 2 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Окуя  6-октябрь күнү саат 15:40 чамасында Кара-Суудагы Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Жаңы-Турмуш айылында болгон. Бул тууралуу “Ынтымакка”  Ош ОИИБ ЖКККнын маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Жол кырсыгынан  бир адам каза болуп, 5 жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Талкаланган унаалардын бири — «Хонда Эйрвэйв» үлгүсүндөгү унааны Өзгөн районунун 1993-жылы туулган тургуну К.Э. түндүктөн-түштүккө карай башкарып бара жаткан.

Ал эми «Хонда Фит» унаасын Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган тургуну С.А. башкарып жүргөн.
Алган жараатынан улам,  «Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү — 1975-жылы туулган С.Н. окуя болгон жерде каза болду.

Аталган кырсык боюнча учурда Кара-Суу РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Ош ОИИБ ЖКК маалымат кызматы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген