Бишкек-Ош жолунда 200 метр бийиктиктен унаа кулап, төрт адам каза болду

Ош-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон.

“Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы тургуну Хонда Одиссей унаасын Оштон Бишкекке карай башкарып бара жаткан. Ал чукул бурулуштан унааны башкара албай, жолдун четине чыгып, 150-200 метр болгон тик ылдыйышка түшүп кеткен. Натыйжада, унаада келе жаткан эки эркек, бир аял жана айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми калган 20, 18 жана 22 жаштагы жарандар денесинен ар кандай жарааттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган”, – деп айтылды маалыматта.

Ал эми каза болгон жарандардын айдоочудан башкасынын аты-жөнү учурда тактала элек.

Коронавирус дүйнөнүн 345 миң адамын өмүрүнөн ажыратты

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.