Бишкек- Ош жолуна таш кулап, бир тарабы жабылып калды

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек-Ош унаа жолуна таш кулап жолдун бир тарабы жабылып калды. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, таңкы саат 5:00 чамасында унаа жолунун 400-чакырымына болжол менен 500 метр куб таш кулап, жолдун бир тарабын жаап калды. Жол тазалоого №30-жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, тазалоо жумушун жүргүзүүдө.

“Буга чейин 26-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент-Толук унаа жолунун 58-60 жана 68-чакырымдарына 600 куб метр кар көчкү түшкөн. Аталган жерге 2 бульдозер тартылып, саат 05:30да жол толугу менен ачылган”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.