Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда буга чейин унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын   223-чакырымында көлөмү 11 миң кубометрге жеткен кар көчкү түшкөн.

Тазалоо иштерине атайын техника жана жолчулар тартылып, кечээ кечки саат 10до жол кыймылга ачылды.

Куткаруучулар эске салышкандай, “Сосновка” жана “Арал” постторунда киргизилген чектөөлөр дагы алынган.

Бирок оор жүк ташуучу унааларга чектөө дагы деле бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.