Бишкек-Ош унаа жолунда куткаруу бөлүмү иштеп баштады

Кечээ, 24-декабрда, Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында жаңы курулуп бүткөн эки кабаттуу куткаруу бөлүгү ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин малымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган куткаруу бөлүгү жолдо жаралган өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жарандарга авариялык–куткаруу иштерин жүргүзөт. Ал жерде министрликтин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 7 куткаруучусу 1 даана авариялык-куткаруу автоунаасы жана куткаруу шаймандары менен ыкчам нөөмөттө турушат.

Курулуш иштерине жалпысынан 1 448 293 сом керектелген. Бүгүнкү күндө куткаруу бөлүгү толук кандуу иш жүргүзүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.