Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамы бүгүн дагы учпай калды

Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамындагы учактар бүгүн дагы учпады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Эйр Манас” авиакомпаниясы кайрадан каттамдарды жокко чыгарууга аргасыз болгон. Каттамдардын жокко чыгуу себептерин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам деп түшүндүрдү.

Авиакомпания жүргүнчүлөргө билеттерди башка күнгө алмаштырууну же акчасын толук кайтарууну сунуштап жатышат.

Бүгүнкү учпай калган каттамдардын тизмеси:

193-каттам, Бишкектен 7:35те

194-каттам, Оштон 9:50дө

195-каттам, Бишкектен 18:45те

196-каттам, Оштон 20:50дө

201-каттам, Бишкектен 23:00дө

202-каттам, Оштон 01:00дө

Эске салсак, кечээ дагы “Эйр Манас” компаниясы 6 аба каттамын жокко чыгарган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген