Бишкек-Нарын –Торугарт унаа жолунда “Вольво” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти

Окуя кече  саат 08:20 чамасында  Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 222-чакырымында болгон. Бул туралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Анда  “Рено” жана  “Вольво”   үлгүсүндөгү  жүк ташуучу унаалар кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен “Вольво” үлгүсүндөгү унаа толугу менен жана “Рено” үлгүсүндөгү унаанын прицеби күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 09:00 дө чектөөгө алынып, саат 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

Сүрөт: ӨКМ

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген