Бишкек мэриясынын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине пара берген жеринен кармалды

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси Н.П. УКМК кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан арызды текшерүү учурунда ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталган.

Натыйжада, ишкананын башкы эсепчиси каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн, 4-июнунда УКМКнын кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.