Бишкек мэриясы: каза болгон окуучунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилет

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында автобуска тебеленип каза болгон окуучунун үй-бүлөсүнө Бишкек мэриясы тарабынан материалдык жардам берилет. Бул тууралуу Бишкеке мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар бийлиги автобустун астында калып каза болгон окуучунун үй-бүлөсүнө жардам берет. Жардам берүү тууралуу тиешелүү бөлүмгө шаардын вице-мэри Азиз Алымкулов тапшырма берди. Анда айтылгандай, калаа бийлиги маркумду жерге берүү зыйнатына көмөк көрсөтөт.

Сокулукта автобус 5-класстын окуучусун тебелеп кетип каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.