Бишкек мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү тууралуу арыз берди

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отставкага кетүү тууралуу арызын берди. Бул боюнча анын кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады.

Буга чейин мэрияны белгисиз жарандар басып алып, “элдик” мэр кылып Жоошбек Коеналиевди дайындашкан. Коеналиев ЖМКга анын кызматын шаардык кеңеш мыйзамдаштырыш керек экендигин, буга убакыт талап кылынаарын билдирди.

Маалым болгондой, Бишкектин шаардык кеңеши жакынкы арада кезексиз жыйынга чогулуп, депутаттардын Суракматовго ишеним көрсөтпөөсү  каралышы күтүлүп жаткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген