Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаар болушу мүмкүн

Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министринин орун басары Девид Риннерт “Твиттердеги” баракчасына жазды.

“Ишенүү мүмкүн эмес, бирок факт. Бүгүн кечинде Бишкек абасы эң булганыч шаар болушу мүмкүн. Сиздер билгендей азырынча рейтингде Бишкек жок. Анда Нью-Дели жана Лахор шаарлары алдыда”,- деп жазган ал.

Бишкекте  абанын сапатынын көрсөткүчү төмөн. Бирок Кыргызстан тизмеде көрсөтүлгөн эмес.

Эң таза шаар болуп Ташкент белгиленсе, эң таза өлкө деп Исландия аталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген