Биринчи май райондук сотунда Каныбек Осмоналиевдин иши каралууда

Бүгүн, 9-июнда Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин иши каралууда.

Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен 2-мартта өткөн митингди уюштурган деп айыпталууда. Ага Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот 29-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узарткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.