Бир жылда 29 адамдын өмүрүн алган темир жол

Бүгүн Бишкекте эки кишини поезд тебелеп кетти. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, эртең менен саат 7лер чамасында “Бишкек I” жана “Бишкек II” станцияларынын ортосунда 30-35 жаштагы азият улутундагы киши жүрүп келе жаткан тепловоздун алдына боюн таштап каза болду. Азыр окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштирип жатат.

Ушул эле күнү “Токмок” бекетинин темир жолунда 19-20 жаштагы кыз поезд алдында калган, ал бутунан жаракат алып ооруканага түшкөн.

“Кыргыз темир жолу” поезд автоунааларга окшоп дароо токтоп калбай турганын, аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созуларын, мындан улам сак болууну жарандарга эскертти. Кыргызстандын темир жолдорунда киши тебелеп кеткен учурлар маал-маалы менен катталып турат.

Ноябрда “Бишкек I – Бишкек II” багытында бараткан поезддин машинисти белги бергенине карабастан темир жолдон чыкпай койгон киши каза тапкан. Ал телефондо музыка угуп бара жаткандыгы айтылат. Октябрда да Лев Толстой көчөсүнүн темир жол менен кесилишкен жеринде жүк ташуучу поезд музыка угуп бараткан 18 жаштагы жигитти тебелеп кеткен.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын темир жолдорунда жыл башынан бери адам өмүрүн алган 29дан ашык учур катталды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген