Бир жыл бою токойдо жашаган кыргызстандык орусиялык блогердин жардамы менен мекенге келди. Видео

Аты-жөнүн жашыруун кармаган москвалык блогер үй-жайсыз калып, Москванын токоюнда күн кечирген кыргызстандыкка жардам берди. “Сырдуу куткаруучу” мекендешибиздин Кыргызстанга келүүсүнө көмөк көрсөткөн. 

Блогерге орусиялык жаран кайрылып, токойдо Кыргыз жараны жашап жаткандыгын, анын абалы көңүл кейитээрлик экендигин айткан.

“Кайрымдуулук иштер жана социалдык видеолор аркылуу биз көптөгөн жашоонун оор сыноолоруна туш болуп, кыйын кырдаалда калган адамдарга жардам берип келебиз. Бирок дайыма эле акча, белек берип эле коюу туура эмес. Андыктан, бул жолку кыргыз улутундагы каарманыбыздын жашоосун башка нукка бурууну туура көрдүк”,-дейт автор.

Ушул жылдын февраль айынан бери токойду мекендеп келе жаткан Азатбектин айтымында, ал Москвага бир жарым жыл мурда келген. Ар кайсы жерде куруучулук менен алектенип жүргөн Азатбекти жумуш берүүчүлөр алдап, акысын бербей коюшкан. Ал мындай мамилени бир эле жерден эмес, бир нече жумуш берүүчүдөн кезиктиргендигин айтат.

Азатбектин токойдо кечирген күндөрү тууралуу сурап, кантип жашап жаткандыгын көргөн блогер ага Москва-Бишкек багытына билет белек кыылды. Тасмадан мекендешибизди аэропортко чейин жеткизип, колуна акча да бергендигин көрүүгө болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген