“Бир жарандын көзүнө ок тийген”. Баткендеги бүгүнкү кырдаал

Бүгүн, 29-апрелде Баткен районунундагы Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында эрте мененки саат 05:45 чамасында тажик жарандары тарабынан ок атылды. Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул факты Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тажик тарап аткан ок Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн.

Азыркы тапта жергиликтүү элдин коопсуздугун сактоо боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.