Бир түндө чыккан 13 өрт кырсыгына ким күнөөлүү?

Февраль айынын төртүнөн бешине караган түнү өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, жашоочулар сак туруп, кырсыктын алдын албаса тилсиз жоонун саны мындан да жогорулашы толук мүмкүн.

ӨКМдин маалымат катчысынын айтымында, өрттүн көпчүлүгү турак үйлөрдөн чыгып жатат.

“Кыш келгенден бери эле тынымсыз түшүндүрүү иштери жүрүп келет. Турак жайлар, мектеп, бала бакча жана башка ишканалар менен биздин кызматкерлер иштешип, түшүндүрүү кагаздарын таратышат. Бирок ошого карабай тилсиз жоо ошол эле шалаакылыктан, кайдыгерликтен жана кырсыкты алдын албагандыктан чыгып атат”,- деп билдирди маалымат катчысы Мая Шаимкулова.

ӨКМ кошумчалагандай, февраль айы башталгандан бери канча өрт чыккандыгы тактала элек. Кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.