Бир суткада коронавирустун 822 жаңы учуру катталды

Акыркы суткада Кыргызстанда 822 коронавирустук COVID-19 инфекциясы жана жугуштуу пневмония учурлары аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алардын айтымында, Бишкек шаарында 300, Ош шаарында 70, Чүй облусунда 207, Ош облусунда 93, Талас облусунда 9, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 80, Баткен облусунда – 42 учур катталган.

Бардыгы болуп COVID-19дун 118 миң 106 учуру аныкталды.

Бир сутка ичинде 475 оорулуу коронавирустан айыгып кеткени маалым болду: Бишкекте – 183, Ошто – 118, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 70, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16.

Бардыгы болуп илдеттен 106 миң 858 адам сакайган.

COVID-19дан бир сутка ичинде 5 өлүм катталды: Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош шаарында – 1.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 1 миң 958 адам каза болду.

Бир күндө медициналык кызматкерлердин ичинен COVID-19 21 адамда катталган: Баткен облусунда – 2, Чүй облусунда – 4, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – бир.

Жалпысынан эпидемиянын бардык мезгилинде 5208 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп, 4807 айыккан.

Стационардык дарылоодон 2 миң 604 бейтап өтүп жатат.

Алардын 19у канааттандырарлык абалда, 1 миң 664ү орточо оордуктагы, 801и оор, 120сы өтө оор экени көрсөтүлгөн.

5 миң 626 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Мындан тышкары, бир күндө 8144 ПЦР изилдөөсү жүргүзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.