Бир суткада 29 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 17-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 205 киши айыгып чыкса, 2 миң 779 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.