Бир метрлик шишкебек кандай жасалат? Ашпозчу сырын ачты

Ош шаарындагы кафелердин биринде бир метрлик өзгөчө шишкебек даярдалып, эт сүйүүчүлөргө сунушталууда. “Ынтымак” көпчүлүктүн сүйүктүү тамагына айланып бара жаткан шишкебектин кантип даярдалаарын көрүп келди.

Өзгөчө көлөмдөгү даамды жасоо идеясы Амир- Темур кафесинин ээсине таандык. Бир метрлик шишкебекти жасоого  5 адам тартылып, 6 саатта 12 кг көмүргө бышырылат. Бирок сиз каалаган маалда барып эле узун шашлыкты таба албайсыз. Тамакка алдын ала буйрутма берүү керек.

Учурда аталган кафенин ашпозчулары күнүнө 15-20га чейин кардардан буюртма алганга жетишип жатат.

“Бул шишкебекти мен кой этинин кабыргасынан жасайм. Этти сөөгүнөн ажыратып алып, жакшылап уруп чыгуу маанилүү. Урулган эт жумшап, жакшы маринаддалат”, – дейт ашпозчу Улукбек Алимов. 

Анын айтымында, маринаддын туура эмес жасалышы шишкебектин даамын бузат. Ошондуктан, маринаддоого кылдат көңүл буруу зарыл.

Маринаддын негизги каражаттары болуп, туз, шишкебекке кошулчу атайын татымалдар,  кинза, имбирь, калемпир, мурч, пияз, лимон ширеси жана киви мөмөсү саналат. Бир метрлик шишкебектин жаратуучусунун айтымында, өзгөчө шишкебектер үчүн татымалдар атайын Азербайжандан алынып келет.

Маринаддалган эт 2-3 саат муздаткычта туруп, андан соң атайын бир метр шыкка ирээти менен тизиле баштайт.

Эгер кабыргалар кичине болсо, анда бир метр шыкка 19-20 кабырга батат. Ал эми чоңураак кабыргадан 18-19 даана керектелет.

Шишкебектин эти даярдалып, тизилип бүткөн соң, шыкка тизилген жашылчаларды мангалга тизип бышырып алышат. Анткени булардын отто бышырылышы эт менен жегенде даамдуу болот. Этке кошуп жегенге помидор, картошка, болгар калемпири, алма жана ачуу калемпир берилет.

Бул шишкебек башка шишкебек сыяктуу эле мангалда бышырылат. Отун толук күйүп, кыпкызыл чок болгондо гана бышыра баштаган туура. Эт шишке жабышып калбаш үчүн аны өсүмдүк майы менен майлап, отко ысытып алуу керек. Шишкебектин бышыруу мөөнөтү эттин түрүнө жана тилимдеринин көлөмүнө жараша болот. Ал эми бир метр шишкебек бир саат убакытта даяр болот.

Бир метр узундуктагы кой этинен жасалган шишкебектин баасы- 2000 сом. Уй этинен жасалганы- 2600 сом. Тоок этинен жасалган шишкебек- 1200 сом. Ал эми кой жана уй этинен жасалган аралаш шишкебектин баасы- 2300 сом.

Сюжетти даярдагандар: Айдай Беделбек кызы

Арген Калыбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген