Бир кызы табыла элек. Ошто аял киши эки кызы менен каналга түшүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр каналына 24 жаштагы аял киши эки кызы менен түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар аялды үч жаштагы кызды суудан чыгарышкан. Учурда алардын абалы туруктуу.

Ал эми болжол менен бир жарым жаштагы кызды издөө иштерин жүргүзүү үчүн 13 куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

Бүгүн, 27-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.