«Бир Дүйнө – Кыргызстан». Элге акысыз юридикалык жардам

Шоира Кучкарова, укук коргоочулардын колдоосуна муктаж, ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн. Азыркы учурда апасы, жана үч баласы менен чогуу жашайт. Апасы да оорудан улам баса албай калгандыктан иштеп, акча табууга шарты жок. Балдарга мамлекеттен жөлөкпул алууга жаздырсам дейт.

“Азыр апам менен атамдын 7 миңден пенсиясы бар. Бирок, ал акча апамдын дарыларына сарпталып, тиричиликке жетпей калат. Ошондуктан жөлөкпулду аууга жардам керек”.

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймылынан каарманыбыздан сырткары, башка жарандар дагы юридикалык кеңеш сурап кайрылышкан.

Хусанбай Салиев, “Бир дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймылынын Ош аймактык бөлүмүнүн координатору:

“Бул аял аракет жүрүп эч нерсеге жетпей жатат. Мисалы иштен айдалганда, анын оорукчан апасы, колунда балдары бар экени эске алынган эмес. Ал эми эмгек келишиминде бул жагдай каралган эмес”.

Укук коргоочулар жумушунан мыйзамсыз айдалгандар, эмгек акысын ала албагандар, негизинен аялдар болуп жаткан соң аларга жеңилдик берүү үчүн эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтышты. Себеби аялдарды коргоо аркылуу балдарга толук кандуу кам көрүп, ар тараптуу билим алууга шарт түзүлөт.

Укук коргоочу Валерьян Вахитовдун айтымында, кимдир бирөөнүн 12-16 жашка жете элек экиден көп балдары болсо, 83-беренеге ылайык иштен бошотууга болбойт.

Белгилей кетсек, бир жума аралыгында юристтер бардык каалоочуларга, эмгек укуктарын коргоо, сактоо эрежелери боюнча акысыз кеңеш беришет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.