Бир айда күйүүчү майдын баасы дагы 6-10 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн

Июль-август айларында Кыргызстандын күйүүчү май базарында баалар 6-10 пайызга же 3-5 сомго жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, АИ-92 бензининин өсүшү 8-10 пайызга (4-5,5 сом), ал эми АИ-95 жана дизелдик күйүүчү майга карата 5-6 пайызга (2-3 сомго)кымбатташы күтүлөт. Ошол эле учурда мунай сатуучулар баалардын өсүшүн текшилөө саясатын улантып, кескин өзгөрүүлөргө жол бербөөгө ниеттенүүдө.

«Баанын өсүшү акыркы бир ай ичинде Орусиянын заводдорунун бензиндин тоннасы 70 долларга, дизелдики 60 долларга кымбаттаганына байланыштуу болуп жатат. Бир литр күйүүчү майга, тиешелүүлүгүнө жараша 5,5 сом жана 4,2 сом. Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун сатуу бааларынын тез өсүшү 2021-жылдын башынан бери уланып келүүдө. Жыл башынан бери бензин тобунун баасы тоннасына 300 доллардан 650 долларга чейин жогорулады, бул орто эсеп менен күйүүчү майдын бир литрине 25 сомду түзөт. Дизель майынын сатуу баасы 400 доллардан 560 долларга чейин жогорулады, бул орто эсеп менен күйүүчү майдын 18 сомун түздү », – деп билдиришти ассоциациядан.

Ошол эле учурда, Кыргызстанда бензин жыл башынан бери 16,5 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү май 12,8 сомго кымбаттады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.