Бильярд: Дастан Лепшаков дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү болду

Кыргызстандык спортчу  Дастан Лепшаков  бильярдтын “ пирамида”  түрү боюнча Орусияда өткөн чемпионатта  коло медаль тагынды.  Чемпионат Тюмень шаарында 28-ноябрда башталып, бүгүн 1-декабрда жыйынтыкталды. 

Кечээ, чейрек финалда  Дастан Лепшаков дагы бир кыргызстандык спортчу Азиз Мадаминовго кез келип, 7-3 эсебинде Дастан жеңишке жеткен болчу.

Бүгүн ал жарым финалда орусиялык  Артем Балова менен беттешип 7-4 эсебинде жеңишти тартырып жиберди. Ошентип чемпионаттын жыйынтыгында Дастан Лепшаков 3-орунду камсыздап, коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек,  чемпионат Тюмень шаарында 1-жолу өткөрүлүп, жалпы 24 өлкөдөн 100дөн ашык  спортчу катышты. Ал эми  Кыргызстандын атынан 8 бильярдчы барган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген