Билим берүү жана илим министрлиги Орусиянын Агартуу министрлиги менен онлайн жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Орусиянын Агартуу министрлигинин онлайн конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү министринин басма сөз кызматы билдирди.

Онлайн жыйында тараптар эки өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарында уюштурулуп жаткан дистанттык окутуу боюнча маалымат алмашышты. Ошондой эле Россия тараптын физика-математикалык, табигый илимдер багыты боюнча электрондук материалдар жана онлайн платформаларды колдонууга уруксат берүү маселелери талкуланды.

Видеоконференциянын жүрүшүндө мектеп жана орто кесиптик билим берүү системасы жаатында мындан ары кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Жыйынга Билим берүү жана илим министринин орун басарлары Нурлан Омуров, Надира Джусупбекова, министрликтин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев жана Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, ал эми Россия тараптан Агартуу министринин орун басары Дмирий Глушко башчылыгындагы бир нече өкүлдөр катышты.

Менчик мектептердеги окуу акысынын төлөмүнө Билим берүү министрлиги кийлигише албайт

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.