Билим берүү жаатындагы кыргыз-корей кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Бишкек шаарындагы Кореянын Билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын мындан аркы келечеги талкууланды.

Купешев корей стипендиялык программалары, Кыргызстандын жарандары үчүн техникалык багыттар, маалыматтык технологиялар боюнча квоталык орундарды көбөйтүү, ошондой эле кесиптик билим берүү чөйрөсүндө адистерди даярдоо маселелерин көтөрдү.

Дэ Гван Кореянын Билим берүү министрлиги эки өлкөнүн билим берүү системалары менен жакындан таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин делегациясынын Кореяга сапарын уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

Бүгүнкү күндө корей тили Кыргызстандын 65 билим берүү уюмунда окутулат, анын ичинен 45 уюм Бишкек шаарында жайгашкан. Окутуу Билим берүү борбору тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча жүзөгө ашырылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.