Билим берүү министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир күндүк маяналарын которушат

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которушат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин бүгүнкү аппараттык жыйынында министр Каныбек Исаков коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлеринин бир күндүк маянасын которуп берүү сунушун берип, сунуш колдоо тапты.

Ошондой эле педагогдор жамааты медициналык кызматкерлердин каармандык менен жүргүзүп жаткан эмгектерин моралдык жана материалдык жактан колдоого алаарын билдиришти.

“Кыргызстандагы жогорку жана атайын орто окуу жайлары бул илдетти алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды иштеп жатат жана атайын эсепке салым кошуу боюнча өз демилгелерин көрсөтүшүүдө”, деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстан эли бул илдетти сабырдуулук, ынтымак, биримдик менен жеңээрине ишенип, дарыгерлердин күн-түн билбеген эмгегин жогору баалап, аларга атуулдук тилектештигин билдиришет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген