Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган атайын кыймылдын лидери жана мүчөлөрү кармалды

Аймактар аралык кастыкты козутуу  жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасашкан “Кырк Уруу Жети Дубан” кыймылынын лидери жана анын тарапташтары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрь күнү коомдук тартипти туруксуздаштырууну көздөп, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео интернет булактарында тараган. Аталган факты боюнча жазык кодексинин 313-беренеси боюнча (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Соттук-саясий экспертизасынын корутундусуна ылайык, интернет булактарына таралган видео тасмадагы белгисиз жарандын сөзүндө региондор ортосундагы кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар белгиси бар экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө видео тасмадагы адамдардын өздүгү аныкталды. 30-сентябрь күнү “Кырк Уруу Жети Дубан” кыймылынын 26 мүчөсү кармалган. 26 жаранга тең наркологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 20 жаран баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.

Башка камсыз болгон адамдардын окуяга тиешелүүлүгүн аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, баардык тиешелүү экспертизалар дайындалып тергөө улантылууда.

Кырсык: Кочкордо эки унаа кагышып, 2 адам каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.