“Бийлике жагалданып атасыңар”. Акаев сөз эркиндиги боюнча долбоордун демилгечилерин сындады. Видео

Жогорку Кенештин кезектеги жыйынында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Долбоор депутаттардын талкуусуна коюлуп, Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев жана Эльвира Сурабалдиева жана Наталья Никитенко аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.

Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору техникалык жааттан алганда аткарылышы мүмкүн эмес экендигин айтып, демилгечилерди сынга алды:

“Сөз эркиндигинин кереги жок” деп аткандар, азыркы мыйзамды колдогондор, жок жерден элди козгоп, каарын кайнатып, элдин тынчын алып атасыңар. Жок, иштебей турган мыйзамды апкелип, эптеп сунуштамыш этип, эмки шайлоодо тизмеге илешип калалы деп атасыңар. Натыйжада 100дөгөн адамдар митингге чыгып, бийлике нааразы болуп атат”,-деди Акаев.

Эске салсак, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген. Анда интернет колдонуучулардан баштап сайт жетекчилеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Мындан улам, сөз эркиндигин, интернетти чектөөгө каршы турган 100гөжакын жаран Ак үйдүн алдына нааразычылык митингге чыгышты.

Аталган мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген