Беш айдан бери Кытайга кире албай жаткандар ТИМге нааразы

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ондон ашуун ишкер Тышкы иштер министрлигине нааразылык билдирип жатышат. Алар өткөн жылдын декабрь айынын бери Кытайга кириш үчүн виза ала албай жүрүшөт. Уруксат кагазын берүүдө эптеп ката таап, убакытты созуп жатышат дешет алар. ТИМ болсо жагдайга Кытайдын мыйзамдарына кирген өзгөрүүлөр себеп экенин айтат.

Нааразы болуп жаткандардын арасында соодагерлер менен жүк ташыган унаа айдоочулары бар. Алар акыркы беш айдан бери виза алууга керектүү документтер көбөйүп, Кытайга бара албай калганын айтып чыгышты. Виза алуу үчүн чыгым тартып, Бишкекке бир айда 2-3 ирет барып келишет. Бирок документтериндеги негизсиз эле каталардан улам уруксат кагазын ала алышпайт.

“Буга чейин визаны алуу 80 доллардын тегергинде болчу. Азыр баасы эки эсе көтөрүлүп, 160 долларга чыкты. Бирок бул деле маселе жараткан жок. Негизгиси документттердеги болбогон эле каталарды жүйөө келтирип,мисалы, паспортуңдун сүрөтү кыйшык болуп калган же маалым катта бир сөз туура эмес деген сыяктуу майда каталарды таап, бизди кайра кайтарышат”,-деп белгиледи Кытайга жүк ташып иштеген айдоочулардын бири Исабай Сулайманов.

Өлкөнүн түштүгүндө Кытайга жүк ташуу менен алектенген миңдей айдоочу бар.  Азыр алардын дээрлик басымдуу бөлүгү тиешелүү кагазды ала албай, жумушу жок калышкан. Визаны болсо ондой эле айдоочуга беришкен. Бирок алар да жүктү алуучу же жеткирүүчү пунктка жете албай убара.

“Биз виза алып, Кытайга жүк алып бардык. Кашкарга жеткирүүчү жүктү ал жерге алып бара албай жатабыз. Анткени өлкөнүн бир аймагына киргизсе, экинчи тарабына киргизбей коюшту. Алар бул кадамын болбогон эле себептерге байланыштырып жатышат”,- деди “Транс-Ордо” автоташуучулар ассоциациясынын төрагасы Мырзамат Чынгараев.

Виза алуудагы көйгөй Кыргызстандагы соодагерлерге да таасирин тийгизүүдө. Анткени Кытайдан товар убагында чыкпай жатат.

“Товарларды тынымсыз Кытайдан алып келип сатчубуз. Декабрдан бери көйгөй жаралып, товарларыбыз да калбай калды. Эми бул маселени жай айларында өтчү эки өлкөнүн жолугушуусунан кийин гана чечилет деп жатат”,-дейт соодагер Анара Абдувапова.

Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгү болсо виза алуу түйшүгүн Кытай мамлекетинин мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр менен түшүндүрүп жатат. Коңшу өлкө декабрь айында эл аралык келишимдерди өзгөрткөн. Анда Кыргызстан жана коңшулаш Өзбекстан,Тажикстанга да виза берүүнү электрондук түргө өткөрүшкөн.

“Эл аралык келишимдер өзгөрүп кетти. Ошондуктан виза алуудагы документтер да көбөйдү. Эми бул маселе жай айларында дагы көтөрүлүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин гана өзгөрүшү мүмкүн”,- дейт ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Калдарали Маматалиев.

Ошол эле учурда Кыргызстан да Кытай ишкерлерине атайын кагазды берүүнү татаалдаштырган.

Ал эми Кытайдын консулдугу Ошто ачылганда виза берүү жерине болору айтылган. Бирок учурда андай мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат. Тышкы иштер министрлигинен кошумчалашкандай, июль айында өтчү эки өлкө сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана маселе чечилиши мүмкүн.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz