Белорусия: Лукашенко президенттик кызматка киришти

Александр Лукашенко 6-жолу Белорусиянын президенти кызматына киришти деп жазды РиаНовости.

Жүздөгөн киши чакырылган инаугурация жашыруун өттү. Чакырылгандардын арасында жогорку кызматтагы аткаминерлер, депутаттар, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, маданият, илим жана спорт ишмерлери бар.Александр Лукашенко Конституцияны кармап, беларус тилинде ант берди. Андан соң ал ант бергени жөнүндө актыга кол койду. БШК башчысы Лидия Ермошина Лукашенкого Беларус Республикасынын президенти деген күбөлүк тапшырды.

Буга чейин инаугурацияга жашыруун даярдык көрүлүп, анын датасы айтылган эмес.

Ушу тапта Минскинин борборундагы Эгемендик аянтында көптөгөн техникалар жана аскерлер турат. Эгемендик проспектиси жабылган.

БШК 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан президент Александр Лукашенко добуштардын 80%, Светлана Тихановская 10% алганын билдирген. Тихановская мындай жыйынтыкты четке кагып, шайлоону өзү жеңгенин күбөлөндүргөн далилдер жетиштүү экенин билдирип келет.
Андан бери нааразычылык акциялары токтобой келет. Демонстрацияларга чыккан 12 миңдей адам кармалганын «Вясна» укук коргоо борбору билдирген. Кармалгандардын көбү кыйноого кабылып, тепки жеген. Аталган уюмдун башчысы Алесь Беляцкийдин айтымында мынча адам Беларустун тарыхында кармалып көргөн эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген