Белгия Бишкектеги таза суу системасын жакшыртууга 8 миллион евро берет

Белгия Бишкектеги таза суу системасын жакшыртууга 8 миллион евро бөлүп берет. Мындай маалыматты VB басылмасы Бишкек шаардык мэриясына шилтеме берип маалыдады.

Анда белгилүү болгондой, долбоор саатына 2 миң куб метрге чейин нымдуулукту иштеткен суу дарбазасын курууну жана көп кабаттуу үйлөргө, жеке турак жайларга аралыктан суунун берилишин жана аны көзөмөлдөп турууну камтыйт.

Жеңилдетилген карыз 0 пайыздык чен менен 20 жылга берилет. Белгиялык компания жабдууларды жеткирүүнү да өзүнө алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.