Беларус бийлиги чет элдик жарандарга чек арасын жапты

Беларустун бийлиги 1-ноябрдан тартып чек ара тилкелерин чет элдик жарандар үчүн жапканын жарыялады. Расмий Минск буга коронавирус пандемиясы себеп болгонун билдирди.

Бирок дипломатиялык паспорту бар жарандар жана Беларуста жашоого күбөлүк алгандар кире алышат. Беларус менен Союздук мамлекет түзүп жаткан Орусиянын жарандарына транзит үчүн гана уруксат берилди, алар Европа Биримдигинен кайтып баратып Орусияга өтүп кетсе болот. Мындан сырткары Минскидеги аэропорт аркылуу өлкөгө киргендерге да чектөө жайылтылбайт.

Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып Беларуста коронавируска байланыштуу карантин киргизилген эмес. Александр Лукашенко бир нече жолу билдирүү жасап, жалпы улуттук деңгээлде чектөөлөр керек эместигин айткан. Беларус жазында да чек арасын жапкан эмес.

Беларус аткаминерлеринин комментарийлеринде чек аранын жабылышын нааразылык акциялары менен байланыштырган түшүндүрмөлөр жок. Лукашенко мурдараак Польша менен Литванын Беларуска каршы агрессивдүү планы бар экенин айтып, аларга чек араны жапканын маалымдаган. Ошол эле учурда чек ара акыркы мезгилге чейин ачык турган.

Минскидеги жана башка шаарлардагы нааразылык акциялары 9-августта президенттик шайлоө өткөндөн бери уланып келатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоодо Александр Лукашенко жеңип чыккан. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылууда. Бийлик нааразылыктарга күч менен жооп берип келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген