Бекзат Пирматовдун “Аврора” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун “Аврора” тасмасы Кыргызстандын атынан “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда айтылгандай, Кыргызстандын “Оскар” комитетинин жыйынында Пирматовдун тасмасы колдоого алынып, “Эң мыкты чет элдик тасма” номинациясы боюнча ат салышмакчы. 2019-жылдын эң мыкты тасмаларын тандоо жана “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2020-жылдын 9-февраль күнү Лос-Анжелесте өтөт.

“Аврора” тасмасында Кыргызстандагы көйгөйлөр чагылдырылган. Окуянын баары бир күндө болот. Каармандар жан кейиткен жана күлкү жараткан түрдүү учурларга тушугат. Тасмада Альбина Имашова, Марат Амираев, Болот Тентимишев, Бактыбек Мамытов, Женишбек Назаралиев, Дина Джейкоб, Жылдызбек Касейнов жана Кумар Жалилов роль жараткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген