Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстандагы турнирде алтын медаль утту. Видео

Кыргызстандык балбан Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча эл аралык турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу бүткүл дүйнөлүк оор атлетика федерациясы жарыялады. 

6th International Solidarity Championships аталышындагы эл аралык мелдеш азыркы учурда Ташкент шаарында өтүп жатат. Бүгүн, мелдештин экинчи күнүндө Бекдөөлөт 96 кг салмактагы балбандар арасында катышты.

Ал мелдеште штанганы жогору көтөрүүдө 168 килограммды, силкип көтөрүүдө 207 килограммды багындырды. Ошентип Бекдөөлөт 375 кг көрсөткүч менен жалпы атандаштарын артта калтырып, өз салмагында 1-орунду алды.

Эске салсак, ал бир аз мурун Иранда өткөн 5 – эл аралык турнирде дагы 96 кг салмак категорияда  алтын медаль уткан эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген