“Бейформал маек”: Кыргызстанда тоо туризмин кантип өнүктүрсө болот?

Кырыкстандын экономикасын айыл-чарба, тоо-кен өнөр жайы жана энергетика тармагы өнүктүрө албайт. Мындай пикирин саясий илимдердин доктору Азамат Темиркулов “Ынтымактын” “Бейформал маек” теледолбоорунда билдирди. Ал Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы моделин сунуштап, өзүнүн оригиналдуу идеялары менен бөлүштү.

Темиркулов жогоруда аталган тармактар өлкөнүн экономикасынын өнүгүшөнө локомотив болуп бере албастыгын айтып, анын ордуна тоо туризимин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин айтат.

“Кыргызстан өзгөчө өлкө. Анткени айланабыздын 94%ы тоо. Ошон үчүн биз башка өлкөлөрдү туурабашыбыз керек. Биз айыл-чарба тармагынан Казакстан менен Өбекстанга тең келе албайбыз. Алардын жери тегиз, ошондуктан айыл-чарба продукциясы арзан түшөт да чыгымга учурабайт”, – деди ал.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz