ББМ: Бардык мектептер окуу процессин салттуу режимде баштоого даяр

Кыргызстанда бардык мектептер окуу процессин салттуу түрдө баштоого даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында КРнын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев билдирди.

Анын айтымында, учурда республикада 2 миң 296 мектеп бар, анда 1 миллион 357 миң 408ге жакын окуучу билим алат.

“Бүгүнкү күндө бардык мектептер жабдуулар менен камсыздалган жана окуучуларды кабыл алууга даяр “, – деди ал.

Эске салсак, мамлекеттик мектептер менен бала бакчаларды толук ачуу маселеси COVID-19 пандемиясы башталгандан бери талкууланып келет. Өлкөдөгү бардык мектептер жана бала бакчалар 2020 -жылдын 8 -апрелинен баштап онлайн билим берүүгө өткөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.