Бажы кызматы: Тартип бузган бир кызматкер жумуштан алынып, 13үнө сөгүш берилди

Мамлекеттик бажы кызматындагы ички иликтөөнүн негизинде 32 кызматкер эмгек тартибин бузганы аныкталганын
мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрымдарына эскертүү берилип, бир кызматкер иштен бошотулган. 13 кызматкерге сөгүш жарыяланган.

Ошондой эле Бажы кызматынын электрондук порталына тармактагы мыйзам бузуулар тууралуу 120 жаран кайрылган.

2020-жылы Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээли боюнча иликтөө кылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда Бажы кызматы “өтө коррупцияланышкан мекеме” деп табылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.