Бажы кызматкерлери 2 миллион сомго бааланган тамеки аткезчилигине бөгөт коюушту

Бажы кызматкерлери дээрлик 2 миллион сомго тамеки аткезчилигин токтотушту. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана автоунааларды мыйзамсыз ташып келүү (экспорттоо) фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, жаран С.А.нын көзөмөлү астында болгон Мерседес-Бенц Спринтер автоунаасы кармалды.

Унаадан 240 миң даана суммасында акциздик маркасы жок Милан соода маркасындагы (Бириккен Араб Эмираттары чыгарган) тамеки табылды. Товардын жалпы баасы 1,6 миллион сомду түзгөн.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына катталды. Чогултулган материалдар юрисдикцияга өткөрүлүп берилген, деп билдиришти башкармалыктан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.