Базар-Коргондогу жаңы көпүрөнүн ишке кириши окуучулардын көйгөйүн чечти

Базар-Коргон районунда үч жыл мурда жарактан чыккан көпүрө жаңыланды. Ал Кеңеш айыл аймагынын миңдеген жашоочуларын район борбору менен байланыштырып турчу. Өтмөк жарактан чыккандан бери элеттиктер ондогон чакырым жол жүрүп, айланма жол менен каттап келишкен.

Эски көпүрө 1980-жылы салынып, 3 жыл мурун толук пайдалануудан чыккан. Мындан улам Көкчөгөз, Могол-Коргон жана Достук айылынын эли район борборуна баруу үчүн бир топ аралыкты басып өтүүгө мажбур болуп келишкен. Эми жаңы көпүрөнүн бүтүшү жергиликтүү тургундарга бир топ жеңилдиктерди жаратты.

“Балдарыбыз мектепке барыш үчүн таксиге түшүп, ал үчүн ар бир окуучуга 40 сомдон акча кетип, бир топ эле кыйналдык. Эми жаңы көпүрөнүн ишке берилиши ал көйгөйлөрдү чечип берди. Бул үчүн аябай кубанычтабыз”,-дейт Кеңеш айылынын тургуну Кабыл Ташбаев.

Көпүрө заманбап үлгүдө курулган. Бул жайдан жөө жүргүнчүлөр менен катар бардык түрдөгү транспорттор жүрүүгө болот. Бирок жергиликтүү бийлик тийиштүү мекемелер менен макулдашып, көпүрөнү бир гана жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаалар үчүн пайдаланууну көздөп жатат.

“Бул көпүрөдөн мектеп окуучулары, жаш балдар көп өтөт. Ошондуктан, оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салсакпы деп турабыз”,-деп билдирди Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.

Аталган көпүрөнүн узуну – 103, туурасы – 4 метрден ашык. Курулушту каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 69 млн сомго жакын акча жумшалган.

Жыл башынан бери Базар-Коргон районунда жаңы салынган көпүрөлөрдөн бул алгачкысы эмес. Буга чейин да көпүрөсүз калып, каттамдан түйшөлүп келген Чкалов айылына да жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилген болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.