Базар-Коргондогу стадиондун курулушу жанданбай жатат

Базар-Коргон районундагы борбордук  стадионду оңдоо иштери жандана элек. Буга республикалык бюджеттен каралган каржынын бөлүнбөй жатканы себеп. Учурда 6 млн сомго 30%га жетпеген жумуш аткарылган боюнча турат.

Стадионго  2017-жылдын күз айларында 20 миллион сом каражат бөлүнүп, реконструкциялоо иштери башталган.

Деген менен курулуш кышта суукка байланыштуу токтоп, азыр күн жылыса да башталбай турат. “Сантех” курулуш компаниясынын ишти жанданта электигине каржынын которулбай жаткандыгы себеп.

Стадиондун айланасын тосуп, үстүн жаап,  газондорду жаткыруу менен көрүүчүлөргө орундуктар үчүн жалпы 34 миллион сом суралган. Анын 20 миллионун өкмөт өткөн жылы бөлүп бермей болгон. Калган 14 миллион сом кайсы булактан ажыратылышы азырынча белгисиз.

Борбордук стадион экенин эске алганда реконструкциялоону тездетүү учур талабы дешет спорт адистери. Анткени мында 10 жылдан бери спорттук иш чаралар өткөрүлбөй калган.

Стадион волейбол,баскетбол жана футбол аянтчалары менен кошкондо 30 сотых аянтты ээлейт. Реконструкциялоо иши бүткөрүлсө, эл аралык талапка жооп берип, 3 миңге чукул спорт сүйүүчүнү батыра алат.

Эске салсак, Базар-Коргон районунун борборундагы  стадион 1982- 83-жылдары ашар жолу менен курулган. Бирок андан бери эч кандай ондоп-түзөө иштери толук аткарыла элек.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.