Базар-Коргондогу сибир жарасына шектелгендердин саны 11ге жетти

Базар-Коргондогу сибир жарасына шектелгендердин саны 11ге жетти. Дарыгерлер оорулууларга алгачкы жардамдарды көрсөтүп жатышат. Азырынча алардын үйлөрүнө качан чыгарылаары белгисиз.

Дарыгерлердин берген маалыматына караганда, ооруну аныктоо үчүн лабораторияга жиберилген анализдердин жыйынтыгы 4-5 күндөн кийин гана билинет. Ага чейин оорулуулар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Ооруканага кайрылган бейтаптардын баары ылаңдаган уйду союп, айланасында жүргөндөр экендиги белгилүү болду. Ал эми калган акмандыктар таратылган этти жегенге үлгүрүшкөн эмес. Болгон окуядан кийин алар сибир жарасына каршы эмдөөдөн өткөн.

Кечээ Базар-Коргон районунун Акман айылынын 9 жашоочусу сибир жарасынын белгилери менен ооруканага кайрылып, дарыгерлерден керектүү жардамдарды алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген